Бутка атып, 100 миң долларын алып кетишти. Ошто ата-баланы тоногондор изделүүдө. Видео

© AFP / DANIEL RAMALHOСтрелковый клуб "Калибр 12" в Рио-де-Жанейро
Стрелковый клуб Калибр 12 в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Кара-Суу РИИБдин КЖБРине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ошто жергиликтүү жашоочуну бутка атып, 100 миң доллар акчасын тоноп кеткендер изделип жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-декабрь күнү болжол менен саат 10.00дөрдө Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында болгон. Каракчылыкка аталган айылдын О.С. аттуу 47 жаштагы тургуну менен анын 24 жаштагы баласы кабылган.

Маалыматта SsangYong Musso үлгүсүндөгү автоунаадагылар каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Sonata машинасын сүзүп токтоткону айтылат.

"Унаадан бат кап тагынган үч киши чыгып бегисиз үлгүдөгү тапанча менен жигитти бутка атып, кара баштыкка салынган 100 000 долларды алып, күтүп турган Daewoo Nexia машинасына түшүп кетишкен. Окуя болгон жерден ок атуучу куралдын гильзалары табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармалышы - Sputnik Кыргызстан
УКМК: уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды
Аталган факты Кара-Суу РИИБдин КЖБРине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошондой эле кара түстөгү SsangYong Musso менен ак түстөгү Hyundai Sonata автоунаалары текшерилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Андан сырткары, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде окуя болгон жерден изин жашырып кеткен кызыл түстөгү Daewoo Nexia автоунаасы Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагына караштуу Киров айылынын Жаңы-Чек участкасынан табылып, автоунаа айып короого киргизилди.

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0