Прокуратура: Кара-Суудагы мектепти курууда миллиондогон акча желген

© Sputnik / Жоомарт УраимовКурс доллара к сому в КР
Курс доллара к сому в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана "Акмат Курулуш" ЖЧКнын кызмат адамдары сүйлөшүп алып ортодон пайда көргөнү айтылды.

БИШКЕК, 28-дек. – Sputnik. Кара-Суу райондук прокуратурасы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушун текшерүүдө мамлекетке 24 миллион 209 миң 093,86 сомдук зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектептин курулушу "Акмат Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 005 463 сомго келишим түзүлгөн. Имарат пайдаланууга 2019-жылдын 5-сентябрында берилген.

"Бирок райондук прокуратура аныктагандай, Сарай айыл өкмөтүнүн жана "Акмат Курулуш" ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен", — деп айтылат маалыматта.

Факты үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Жазык кодексинин 320-беренесинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен райондук прокуратуранын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0