Бишкекте милиционерлер менен жарандар мушташкан окуянын видеосу

Жазылуу
Түнкү окуя боюнча эки адам кармалган. Анын бири 30, экинчиси 16 жаштагы жарандар болуп чыкты. Иликтөө башталып, экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милициясынын маалымат кызматы милиционерлер менен жарандардын ортосундагы мушташ тууралуу окуянын чоо-жайын айтты.

Буга чейин социалдык тармактарда жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда болгон мушташтын видеосу чыккан. Милиционердин бири мушташкандарды тынчтандыруу үчүн асманга үч ирет ок аткан. Дагы бир тартип сакчы кесиптешинен куралды адамдарга каратпоону өтүнгөн.

Мушташ. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Экөөлөп сабап... "Кудайберген" базарындагы мушташ боюнча иш козголду
Маалыматка ылайык, инспекторлор 27-декабрга караган түнү жол кыймылына тоскоолдук жаратып, Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишин көздөй келе жаткан Volkswagen Passat унаасын тосушкан.

Тартип сакчылары унааны токтоткон учурда айдоочу менен жүргүнчүдөн алкоголдун жыты байкалган. Алар документтерин көрсөтүүнүн ордуна милицияга айбат кылып, уят сөздөр менен сөгүшкөн.

"Милиция кызматкерлерине күч колдонулду, алар милициянын кичи сержантынын погондорун тытып, Кайгуул кызматынын экипажына кол көтөрүштү. Мындан улам мыйзамдын чегинде эскертүү иретинде асманга ок атылды", — деп айтылат маалыматта.

Окуяга тиешеси бар делген 30 жана 16 жаштагы шектүүлөр кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кайгуул милициясы алардын мас абалда болгонун билдирди.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаШектүүлөр
Бишкекте милиционерлер менен жарандар мушташкан окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр

Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлеринин жаракаты боюнча экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0