Антальяда 23 жаштагы кыргызстандык кыздын сырдуу өлүмү иликтенүүдө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАнталья шаары. Архив
Анталья шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон кыз сүйүктүүсү, Түркиянын жараны менен ижарага алган батирде жашачу. Түгөйлөр бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөнү маалым болду.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Түркияда 23 жаштагы кыргызстандык кыздын сырдуу өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 26-декабрда Анталья шаарынын Муратпаша кичи районунда болгон.

Каза болгон кыз көзү тирүү кезинде сүйүктүүсү, Түркиянын жараны менен ижарага алган батирде жашачу. Түгөйлөр бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөнү маалым болду.

Сурак учурунда каза болгон кыздын жигити окуя болгон түнү алар чогуу ичимдик ичип, андан кийин ал уктап калганын айткан.

"Эртең менен туруп анын жамынбай жатканын көрдүм. Буттары муздап калыптыр. Үшүдү го деп үстүн жаап, кайра уктап калгам. Кайра саат 14:00дө ойгондум. Кыздын каза болгонун ошондо гана түшүнүп, полицияга чалдым", — деди ал.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматынын медиктери жана полиция келип кыргызстандык кыздын көз жумганын тастыкташкан.

Кыздын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн шаардык моргго жеткирилген. Окуя боюнча шаардык полиция иликтөө иштерин жүргүзө баштаганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0