Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү кампадан чыккан өрт өчүрүлдү

Жазылуу
Жалынды чектөө үчүн бүгүн. 25-декабрда, саат 15:59да Октябрь райондук бөлүмүнөн бир бригада тартылган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев көчөсүндөгү азык-түлүк сактоочу кампадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алгач ӨКМ турак жай күйүп жатканы туурасында кабарлаган. Андан соң маалыматты тактап, өрт үйдүн жанындагы кампадан чыкканын айтты. Жалын саат 17:46да толук өчүрүлгөн.

Өрттү чектөө үчүн бүгүн саат 15:59да Октябрь райондук бөлүмүнөн бир бригада тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0