Жалал-Абад: таңда көчө шыпырып жаткан аялды белгисиз киши сабап кетти

Жазылуу
Учурда жабырлануучу аял облустук ооруканада дарыланууда. Ал башынан жаракат алып, көзү ачылбай жатат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимованы белгисиз киши сабап кетти. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, бүгүн таңда көчө тазалап жаткан аялды эркек киши таш менен чаап, ур-соккуга алып милиция келгенге чейин качып кеткен. Учурда жабырлануучу облустук ооруканада жатат.

"Дарыгердин айтымында, ал башынан жаракат алып, кан басымы көтөрүлгөн. Бети канжалап, оор соккудан улам көзү ачылбай жатат. "Тазалык" кызматкери ооруканада жатканда ага белгисиз номерден өзүн тергөөчүмүн деп тааныштырган жаран чалып "тааныбаган адамдын үстүнөн эмнеге арызданып кайрыласыз, аны биз кайдан табабыз" дегенин айтты. Жалал-Абад шаардык милициясы окуянын чын-төгүнүн тактап, сабаган адамды таап жазага тартышын күтөбүз", — деп жазган маалымат катчы.

Ал эми Жалал-Абад шаардык милициясы окуя бүгүн таңкы саат 04:30дар чамасында болгонун, 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү жигит изделип жатканын кабарлады.

Бул факты боюнча топтолгон материал Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен КЖБРге катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0