Көлдүн Жыргалаңында карагай басып калган киши каза болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКарагай. Архив
Карагай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша 22-декабрь күнү кечке жуук Жыргалаң шахтасында болгон. Маркумдун 34 жашта экени айтылды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда карагай басып калган 34 жаштагы тургун каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

22-декабрь күнү саат 18:30да облустун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 34 жаштагы тургунду бак басып калган.

Жерине ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0