Мурдагы Фрунзе заводунда жарылуу болуп, үч адам жабыркады

Жазылуу
25 жаштагы киши оор абалда реанимацияга түштү. Дагы эки адам күйүк бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан мурдагы Фрунзе заводунда жарылуу болуп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы киши оор абалда реанимацияга түштү. Дагы эки адам күйүк бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 

ӨКМ чакыруу түшпөгөнүн кабарласа, Бишкек ШИИББ маалыматты тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0