Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды

© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КРОш облусунда беш килограмм героин алынды
Ош облусунда беш килограмм героин алынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдөн ири өлчөмдө ташылып турган баңгизат каналына бөгөт коюлду. Шектүү колго түшүп, анын шериктерин кармоо аракеттери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстандан ири көлөмдө ташылып турган баңгизат каналы токтотулду.

© Фото / пресс-служба СБНОН МВД КРОш облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды
Ошто Тажикстандан 5 кг героин ташып бараткан киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда беш килограмм героин алып бараткан киши кармалды
"Ноябрь айынын аягында Ош облусундагы Нариман айылынан 50 жаштагы М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, текшерилген. Натыйжада Афганистандан чыккан баңгизаты табылган. Унаанын отургучунун астынан уксус ангидриди жыттанган беш брикет алынды", — дешти ИИМден.

Соттук-химиялык экспертиза табылган баңгизат 5 килограмм 178 граммдык героин экенин аныктаган.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, кылмышка тийиштиги бар башка адамдар дагы изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0