Бишкекте унаа коюп кеткен аялга жардам берген кишини да машина сүзүп кетти

© Фото / Пресс-служба УПСМНаезд на пожилую женщину в Бишкеке
Наезд на пожилую женщину в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөр жабыркаган адамга жардам көрсөтүп жаткан кезде Toyota-4Runner үлгүсүндөгү унаа аларды дагы коюп кеткен.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери адамды коюп качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Кайгуул күзөт кызматынан кабарлашты.

20-декабрь күнү саат 07:55те 102 кызматына Юнусалиев көчөсүндөгү жол кырсыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине барган милиция өкүлдөрү №21 үйдүн жанынан жөө адамды унаа коюп, күнөөкөр айдоочу качып кеткенин аныкташкан.

"Жабыркаган адамга жардам көрсөтүп жаткан кишини да Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Окуянын кесепетинен 70 жаштагы аял каза тапкан. Ал эми ага жардам берем деген 30 жаштагы киши жаракат алган", — дешти милициядан.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда эки унаа тең айып короого токтотулду.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0