УКМК Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адамды кармады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание члена международной террористической организации в Баткене
Задержание члена международной террористической организации в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу курал, ок-дарылар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы маалыматтар табылган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсүн кармады
УКМК Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адамды кармады. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсүн кармады

Билдирмеге караганда, 38 жаштагы А.Ш.Б. аттуу кыргыз жараны Сирияга жалданма адамдарды тартуу максатында террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды интернетке жарыялап жүргөн.

"Сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылган", – деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0