Бир суткада 264 кишиден коронавирус табылып, 4 адам көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь для лечения больных COVID-19 в Тверской областной больнице
Госпиталь для лечения больных COVID-19 в Тверской областной больнице  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 78 415ке жетти. Анын ичинен 71 656 бейтап айыкса, тилекке каршы, 1 321 адам дарттын курмандыгы болгон.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирус 264 кишиден табылып, төрт адам көз жумду. Ошол эле маалда ооруну 386 бейтап жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 86;
  • Ош – 2;
  • Чүй облусу – 60;
  • Ош облусу – 25;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 44;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 11.

Айыккандар:

  • Бишкек – 115;
  • Ош шаары – 15;
  • Чүй облусу – 110;
  • Ош облусу – 20;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Жалал-Абад облусу – 28;
  • Баткен облусу – 31.

Каза тапкандар:

  • Бишкек – 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1.

Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID бейтапты дүлөй кылабы? Окумуштуулардын иликтөөсү
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 78 415ке жетти. Анын ичинен 71 656 бейтап айыкса, тилекке каршы, 1 321 адам дарттын курмандыгы болгон.

Учурда ооруканаларда 1 815 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 496 адамдын абалы оор болсо, 92 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Бир сутка ичинде КРде сегиз медиктен коронавирус табылып, анын экөө ооруну кызыл зонадан жуктурганы айтылды. Ошол эле маалда тогуз медицина кызматкери коронавирустан айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0