Экөөлөп сабап... "Кудайберген" базарындагы мушташ боюнча иш козголду

Жазылуу
Мушташтын катышуучуларынын бири милицияга арыз менен кайрылып, аны белгисиз эки адам сабап кеткенин айткан.

БИШКЕК, 14-дек.— Sputnik. "Кудайберген" базарында "Шинный центр" дүкөнүнүн жанында мушташ чыгып, анын катышуучуларынын баары милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин дүкөндөгү чырдын видеосу чыккан. Алгач пикир келишпестик дүкөндүн ичинен чыгып, кийин имараттын алдындагы унаа токтотуучу жайда эки адамдын мушташып жатканын көрүүгө болот. Андан соң бир нече адам бир кишини сабаган.

РИИБге окуя 11-декабрь күнү болгонун кабарлашкан. Жерине милиция кызматкерлери барып, мушташтын бардык катышуучуларын №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришкени айтылды.

Ошол эле күнү калаа тургунунан арыз келип түшкөн. Анда белгисиз адамдар менен дүкөндүн администрациясы урушуп кетип, аягы мушташ менен бүткөнү жазылат. Жыйынтыгында эки адам бир кишини сабап салган.

Массалык мушташ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу
Бул иш боюнча Жазык кодексинин "Бейбаштык" беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы маалым болду. Аталган ишке юридикалык баа соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин берилмекчи.

30 жаштагы киши менен 16 жаштагы өспүрүм Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына кайра келүүгө милдеттендирилип, мушташтын катышуучулары коё берилгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0