Баткенде мектептен чыккан өрт өчүрүлдү. Балдар сабакка келе элек болчу

© Фото / пресс-служба МЧС КРПожар в школе в селе Чон-Талаа
Пожар в школе в селе Чон-Талаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу учурда ал мектепте 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары билим алып жатышкан. Бирок өрт чыккан учурда балдар мектепке келе элек болчу.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызмат кабарлады.

Билдирмеге караганда, эртең мененки саат 08:06лар чамасында башталган өрт толугу менен 11:54тө өчүрүлгөн. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү.
Баткенде мектептен чыккан өрт өчүрүлдү. Балдар сабакка келе элек болчу - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, кырсык катталган учурда мектепте окуучулар болгон эмес.

"180 орунга ылайыкташкан мектепте 313 окуучу билим алат. Пандемияга байланыштуу учурда 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары билим алып жатышкан. Бирок өрт чыккан учурда балдар мектепке келе элек болчу", — деди Бердикулова.

Учурда кырсыктын келип чыккан себептери такталып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0