Төрт жылдан бери издөөдө жүргөн россиялык жаран Нарындан кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык издөөдө жүргөн кишини 4-декабрь күнү ИИМдин Интерпол бюросунун кызматкерлери менен Нарындын Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Төрт жылдан бери издөөдө жүргөн россиялык жаран Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, эл аралык издөөдө жүргөн кишини 4-декабрь күнү ИИМдин Интерпол бюросунун кызматкерлери менен Нарындын Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн.

"Россиянын 41 жаштагы жараны РФ Кылмыш кодексинин 228-беренеси ("Баңгизат сатуу жана сактоо") боюнча укук коргоо органдары тарабынан 2016-жылдан бери изделип жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Нарын шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилгени айтылды. Анын колго түшүрүлгөнү боюнча Москва шаарынын Интерпол бюросу менен Башкы прокуратурасына маалымат берилген. Учурда аны экстрадициялоо иш-чаралары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0