Өзгөндө окуучу кызды унаа учура сүзгөн окуя видеого түшүп калган

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке
Рейд УПМ по соблюдению ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өзгөн шаарында алты жашар кыз баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө саат 11:30дар чамасында болгон.

"Өзгөн районунун 32 жаштагы жашоочусу Daewoo Tiko үлгүсүндөгү унаасы менен алты жаштагы кызды жөө адамдар өтө турган чийинден коюп кеткен. Натыйжада ал жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган", — деди Теңизбаев.

Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0