Тогуз-Торо: Кара-Көөдө автокырсыктан бир адам каза таап, төртөө жабыркады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтомобильная дорога Р255 "Сибирь"
Автомобильная дорога Р255 Сибирь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 73-чакырымында (Кара-Көө ашуусу) Toyota Gaia автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Тогуз-Торо районунун Кара-Көө ашуусунда автоунаа кырсыктап, бир адам каза таап, төртөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 3-декабрь күнү саат 18:00дөр чамасында болгон. Анда Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 73-чакырымында (Кара-Көө ашуусу) Toyota Gaia автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

"Кырсыктан 61 жаштагы киши каза болуп, 46 жаштагы киши, 45 жана 25 жаштагы эки аял, ошондой эле алты жашар бөбөк жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0