Таласта үч унаа кагышып, адамдар жабыркады. Видео

© Фото / PixabayАвтоунаа жол кырсыктан кийин. Архив
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ күнү күндүз болгон. Анын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү жабыркаган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Талас облусунда үч унаа кырсыктап, адамдар жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан жабыркаган адамдарды алып чыгып жатышканын көрүүгө болот.

ЖКККББдан билдиришкендей, жол кырсыгы Талас районунда 2-декабрь күнү болгон.

Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто үч автоунаа кырсыктап, эки жигит көз жумду
Анда бири-бирин көздөй келе жаткан ВАЗ-2106 менен Ford Transit микроавтобусу кагышып, микроавтобустун жанында бараткан Toyota Wish дагы жабыркаган.

Маалыматка караганда, окуянын кесепетинен 29 жаштагы айдоочу менен 24 жаштагы жүргүнчү дагы жабыркаган. Алар райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0