Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

© AFP / LOIC VENANCEПожилой мужчина
Пожилой мужчина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / пресс-служба ОВД Московского районаЖоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов
Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Центр милосердия в Ленинском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө
Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0