COVID-19: өткөн суткада Бишкек менен Ошто бирден киши көз жумду

© REUTERS / Luis CortesСитуация в Мексике из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Мексике из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон эки жарандын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон. Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 651 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 119 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 27 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 794 — орто оор;
  • 711 — оор;
  • 119 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 600 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0