Өткөн суткада COVID-19дан беш кыргызстандык каза болду

© AFP / Go NakamuraСитуация в США на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в США на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы ай ичинде коронавирустан күн сайын жаңы өлүмдөр катталууда. Пандемия башталгандан бери каза тапкан кыргызстандыктардын саны 1 271ге жетти.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Алар:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Чүй облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 1;
  • Талас облусунда — 2.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 271ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 833 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 113 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 45 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 942 — орто оор;
  • 733 — оор;
  • 113 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 772 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0