БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндө Нарын облусунун аймагында эки ирет жер силкинип, очогунда күчү 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жер титирөө саат 23:47де Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.
Андан кийин афтершок болгон. Тагыраагы, 30-ноябрда түнкү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында жер дагы силкинип, ал 3 баллга жеткен. Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМдин алдын ала берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.