Сөөгү өрттөлүп, о дүйнөгө узаган "маркум" кайтып келди. Индиядагы окуя

© REUTERS / ADNAN ABIDIМедициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон адамдын өрттөө үчүн көтөрүп жатышат. Архив
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон адамдын өрттөө үчүн көтөрүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин каза болду деген кабар келген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Индияда эркек киши үй-бүлөсү сөөгүн ооруканадан алып кетип өрттөп салгандан бир жумадан кийин үйүнө келди. Бул тууралуу NDTV телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.

Ноябрдын башында 75 жаштагы кишини коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырышкан. Бир нече күндөн кийин ал каза болду деген кабар жакындарына угузулган. Сөөгү вирусту алдын алуу протоколуна ылайык сакталып, жакындарына анын бети гана көрсөтүлгөн.

Туугандарынын айтымында, сөөктү өрттөп, атайын ырым-жырымды өткөрүүгө даяр турушкан. Бирок аларга ооруканадан чалышып, сакайып чыккан жакынын алып кетүүнү өтүнүшкөн.

"Биздин оозубуз ачылып калды. Атабызды аман-соо үйгө алып келдик. Бирок кимдин сөөгүн өрттөгөнүбүздү билбейбиз", — деген кишинин уулу.

Кийин териштире келгенде, үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктурган дагы бир улгайган бейтапты кремациялаганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0