Мурдагы чекист кармалды. УКМК алтын аткезчилиги боюнча иштин чоо-жайын айтты

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКга Абдил Сегизбаев төрага болуп турган кезде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Алтын аткезчилиги боюнча УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, күбө катары сурак берди. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Ошондой эле ведомство президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин бул иш боюнча пикирине өз позициясын билдирди. Буга чейин Сегизбаев анын штабын координациялап жаткан Чоткараевди кармоо менен өзүнө саясий басым жасалып жатканын айткан.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы кезинде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

"Өткөн жылдын март айында Аскер прокуратурасы УКМКнын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар делген алтын аткезчилиги боюнча ишти тергей баштаган. 2017-жылы УКМК кызматкерлери мыйзамсыз түрдө өлкөгө алып кирилген 22 килограмм зер буюмдарды таап алган. Анда УКМКнын жетекчилиги ишти токтотуп, буюмдарды кайтарып берүү чечимин кабыл алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кийин бардык далилдер табылып, аткезчилик кылган тараптар жоопко тартылган.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды
"Алар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сом чыгымдын ордун толтуруп беришкен", — деп айтышты УКМКдан.

Тергөө тобу азыр ишке тиешеси барларды аныктап жатат. Бул иштин алкагында УКМКнын дагы бир мурдагы кызматкери кармалган. Маалымат кызматтан аткезчилик менен келген жүктү кармоодо куратор болгон деп айтылган Чоткараев күбө катары суракка алынды.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жыйынтыгы менен УКМКнын мурдагы жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0