Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0