Инспекторлор шектүү унааны кууп, айдоочусун асманга ок чыгарып кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул кызматынын автоунаасы. Архив
Кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Ата районундагы көзөмөл-өткөрмө пунктунан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү шектүү эки автоунаа токтобой качып кеткен.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районунда автоинспекторлорго баш ийбей качкан айдоочу асманга ок чыгаруу менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрда, Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте рейдге чыккан. Ошол учурда Ысык-Ата районундагы көзөмөл-өткөрмө пунктунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү шектүү эки автоунааны токтотуп, документин текшерүү жөнүндө сигнал түшкөн. Аталган машиналарды тоскондо баш ийбей качып кетүүгө аракет кылган.

"Инспекторлор артынан кууп барып бирөөсүн Киров айылынан токтотту. Автоунаанын ичинде отургандар милиция кызматкерлери менен тирешип, кол көтөрүп денесине жаракат келтирген. Мындан улам милиционерлер эскертүү иретинде асманга ок чыгарып, анан кармаган. Унаанын ичинде эмне экени аныкталбаган шектүү буюм табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Учурда экинчи автоунаанын айдоочусу изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жазык кодексинин 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") менен КЖБРге катталган. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу машинанын айдоочусу 23 жаштагы М.М. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну экенин аныктаган. Автоунаа айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0