Сөөгү тоодон табылган бала. ИИМ суицид деген айыптоолорго жооп кайтарды

© AP Photo / Sakchai LalitМоргтогу киши. Архив
Моргтогу киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн ишембиде Аламүдүн капчыгайында колу-буту скотч менен оролуп, бакка асылып турган баланын сөөгү табылган. Милиция бала суицидге барды деп айтып чыкканы тууралуу маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов Facebook баракчасынан сөөгү Бишкектин четиндеги капчыгайда табылган бала өмүрүнө кол салган деген версия боюнча үн катты.

Наезд на пешехода в селе Военно-Антоновка - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө жөө адамды сүзүп, качып кеткен 25 жаштагы айдоочу кармалды
Колу-буту скотч менен оролуп, бакка асылып турган сөөк 21-ноябрда Аламүдүн капчыгайында табылган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тактоо иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун Нарын облусунда туулган 19 жаштагы О.Э. аттуу жаран экени аныкталган.

Андан кийин милиция маркумдун жакындарына таянуу менен бала суицидге барган деп айтып чыкканы тууралуу маалыматтар тараган.

Бакыт Сейитов социалдык түйүндөрдө тактоону талап кылган комментарийлер жазылып жатканын белгиледи.

"Кыргыз милициясынын логикасы боюнча, жигит адегенде бутун таңып, анан бакка эптеп чыгып асынып, жаны чыкканча колдорун скотчтоп үлгүрүптүр... ", — деп жазган мекеменин маалымат кызматынын башчысы.

Ал бул факт боюнча бир нерсе деп айтуу эрте экенин белгилеп, жакында так жана туура маалымат берилерин убадалаган.

"Милиция айтып жатат деп эле жаза бербегиле. Милиция фактылар менен билдирет. Анда кайсы кызматкер айтканын ачык жазгыла. Биз расмий берели, азырынча ар бир кадам жана жагдай аныкталып жатат. Анан да экспертизанын жыйынтыгы болот. Биз эгер маалымат берсек, ынанымдуу беребиз. Ошондуктан сабыр кыла туруңуздар", — деген ИИМ өкүлү.

Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0