23:04 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2980 0 0

Нарын ОИИБдин маалымат кызматы атышкандардын уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарын шаарындагы атышуудан 23 жаштагы жигит ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 24-ноябрь күнү саат 18:20лар чамасында Нарын ИИБдин "102" кызматына шаар тургуну чалып Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан "Корона" ресторанынын алдында ок атылганын маалымдаган.

Аталган билдирүүнү Нарын ШИИБи каттоого алып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

"Ресторандын алдынан 23 жаштагы К.А. аттуу шаар тургуну менен 21 жаштагы Т.Э. аттуу адамдын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Экөө уруша кетип, Т.Э. жанынан белгисиз ок атуучу куралды алып чыгып каршылашын аткан. Бирок ок ага эмес, көчөдө турган 23 жаштагы М.Д. аттуу жигиттин оң бутуна тийген. Андан кийин Т.Э. дагы бир жолу куралын урушуп жаткан адамга багыттап, ок чыгарууга аракет кылган. Бирок ал тоскоолдук жаратып, жыйынтыгында ок К.А. аттуу жигиттин курткасын тешип өткөн", — деп айтылат маалыматта.

Бутуна ок тийген адам жолдон өтүп бара жаткан автоунаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилгени жана алган жараатынан эсине келе электиги айтылды.

Бул иш КР Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

"Азыркы учурда шектүүлөр аныкталып, аларды кармоо иш-чарасы жүргүзүлүп жатат", — деп жазылат билдирмеде.

Нарын ОИИБ бул адамдардын уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Сузакта бири-бирин аткылаган эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Сүрөт
Белгилер:
ресторан, оорукана, ок атуу, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ