Кочкордо жылкы сүзүп кырсыктаган автоунаадагы 19 жаштагы кыз каза болду

Жазылуу
Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган. Кырсыктан дагы үч кишинин жабыркаганы айтылат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда жылкыны сүзүп кырсыкка кабылган автоунаадагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя кечээ кечинде Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган.

"Кочкор районундагы Төлөк айылында 23-ноябрь күнү саат 22:10до Nexia унаасынын айдоочусу жылкыны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 19 жаштагы бир кыз каза болуп, 27, 23 жана 21 жаштардагы үч эркек адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0