Арча-Бешикте жок адамдын атына жер тилкеси катталган. Иш козголду

Жазылуу
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, "Бишкек башкы архитектура" жана Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда 0,07 гектар жер тилкеси жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Бишкек башкы архитектура" жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан 0,07 гектар жер тилкесин жок адамдын наамына жасалма түрдө мыйзамсыз катташкан. Ал эми "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 6 миллион 99 миң сомдук зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Полевые работы в Швейцарии - Sputnik Кыргызстан
11 миңден ашык жер тилке мыйзамдаштырылат. Жапаров жаңы мыйзамга кол койду
Аталган факты Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 235 ("Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуусу"), 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 329 ("Кызматтык жасалмачылык") жана 359-беренелери ("Документтерди жасалмалоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн УКМКнын тергөө кызматына тапшырылган.

Ленин райондук прокуратурасы жер тилкесин берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтом жана мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз келтирип, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, мыйзамдуу күчүнө кирген.

2020-жылдын 5-ноябрында райондук прокуратура кайтарылган жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына сунуш кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0