COVID дагы төрт кишинин өмүрүн алды. 133 бейтаптын абалы оор

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 НМИЦ ССХ им. А. Н. Бакулева Минздрава РФ
Госпиталь COVID-19 НМИЦ ССХ им. А. Н. Бакулева Минздрава РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканада 3 078 бейтап дарыланып жатса, 3 720 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алышууда.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери Бишкек шаарында эки, Таласта эки бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Жалпысынан алганда оору 1 231 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканада 3 078 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 133 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 58 — канааттандырарлык абалда;
  • 2030 — орточо оор;
  • 857 — оор;
  • 133 — өтө оор.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 720 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0