07:55 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (277)
1514110

Кайгуул милициясы борбор калаанын Дэн Сяопин проспектисинде катталган жол кырсыгы боюнча алдын ала маалымат берди.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте бир нече автоунаа кагышып, анын кесепетинен адамдар жабыркаганын шаардын Кайгуул милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.

Авария 20-ноябрь күнү саат 22.00дөрдө Дэн Сяопин проспектисинде болгон. Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Анда бир нече машина кагышып, бирөөнөн арак жана желим стакандар табылган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын алдын ала берген маалыматы боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа Бишкекти көздөй келе жатып Audi-100 менен сүзүшкөн. Кагылышуудан кийин Mercedes күү менен жолдун четине сүрүлүп, Nissan Primera, Toyota Wish, Daewoo Nexia жана Toyota Ist автоунаалары жабыр тарткан.

Натыйжада үч киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Mercedes машинасын 41 жаштагы эркек киши айдап келе жатканы айтылды. Анын мас же соо экени азырынча белгисиз.

Кырсыктаган көлүктөрдүн баары айып короого токтотулуп, экспертизалар дайындалды.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (277)

Тема боюнча

Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы болуп, үч адам көз жумду. Видео
Өлүм менен коштолду. Бишкектин четинде бет маңдай кагышкан унаа кырсыгынын видеосу
Белгилер:
милиция, жол, айдоочу, мас, кагылышуу, машина, авария, кырсык

ЭҢ МААНИЛҮҮ