Жетекчини башка бир койду. Бишкекте коомдук автобус айдоочулары митингге чыкты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЭлектробус российского производства вышел на маршрут
Электробус российского производства вышел на маршрут - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын" кызматкерлери нааразылык акциясына чыкты. Митинг учурунда алар Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси менен урушуп да кетишти.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Муниципалдык "Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын" кызматкерлери анын директору Нурлан Койчубаковду иштен алууну талап кылып жатышат.

Угрозы публичного суицида у здания ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ак үйдүн алдына келген киши өзүн өрттөйм деп коркутуп жатат. Сүрөт
Нааразы болгон айдоочулар ишкананын имаратынын алдына чогулушкан. Алардын айтымына караганда, айлыктары кескин азайып кетти. Буга чейин маяна 16-18 миң сомго чейин жетсе, азыр 7 миңден ашпай калды. Мындан сырткары, алар автобазада зарыл тетиктер жок деген нааразылыктарын билдиришти.

Митинг учурунда чогулгандардын бири Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимовду башка бир койду. Айдоочулар эгерде директор иштен алынбаса, эртең ишке чыкпай кое тургандыктарын айтышты.

Мэриядан бул боюнча кийинчерээк комментарий берише тургандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0