ШИИБ: ГУМда шек жараткан баштык изделип жатат, имарат курчоого алынды

© Sputnik / Эркин СадыковЭвакуация посетителей ГУМа в Бишкеке
Эвакуация посетителей ГУМа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге Свердлов районунун ыкчам-тергөө тобу чыгып кеткен. Алар менен кошо шек жараткан заттарды УКМК өкүлдөрү да издөөдө.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы ГУМ соода жайынан шек жараткан баштык табылды деген маалымат түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков билдирди.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги ГУМ соода борборундагы эл сыртка чыгарылган.

"Бүгүн саат 16:10дор чамасында Бишкек ШИИБдин 102 кызматына ГУМда шек жараткан баштык табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Свердлов районунун ыкчам-тергөө тобу чыгып кеткен. Учурда алар шек жараткан нерселерди издөөдө. Окуя болгон жерге УКМК өкүлдөрү да барган", — деди Жумаков.

Ал элдин коопсуздугу үчүн соода жайы курчоого алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0