Өлүм менен коштолду. Бишкектин четинде бет маңдай кагышкан унаа кырсыгынын видеосу

© AP Photo / Lim Huey TengПоследствия ДТП с HONDA
Последствия ДТП с HONDA - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, кар жаңы жаагандыктан жол тайгак болуп, айдоочу автоунааны башкара албай  экинчиси менен бетме-бет кагышкан.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектин четинде эки автоунаа бетме-бет кагышып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына чыкты.

Видеодон көрүнүп тургандай, бир автоунаа оодарылып кеткен. Мекемеден кабарлагандай, кырсык ГЭС-5 районунда Лебединовка айылында катталган. Анда Honda Odissey менен Nissan Almera кагышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, кар жаңы жаагандыктан жол тайгак болуп, айдоочу автоунааны башкара албай калып экинчиси менен бетме-бет кагышкан.

Кырсыктан Honda унаасынын айдоочусу каза болуп, анын төрт жүргүнчүсү жаракат алган. Ал эми экинчи автоунаадагы бир адам жабыркаган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0