ӨКМ: Кадамжайда үйү менен кошо 46 жаштагы киши күйүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧСӨрт өчүрүүчүлөр. Архив
Өрт өчүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөөктү куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. ӨКМден өрттүн эмнеден чыкканы такталып жаткандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Баткендин Кадамжай районундагы Алга айылындагы үйдөн кечээ өрт чыгып, 46 жаштагы киши кошо күйүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аянты 96 чарчы метр турак үйдүн шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1974-жылы туулган адам денесинен күйүк алып каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Сөөктү куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

ӨКМден өрттүн эмнеден чыкканы такталып жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0