Прокуратура: Жалал-Абадда алтын чыккан 199 гектар жер жең ичинен берилип кеткен

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер "Восточный" Олимпиадинского горно-обогатительного комбината
Карьер Восточный Олимпиадинского горно-обогатительного комбината - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдардын жетекчилери жең ичинен сүйлөшүп, 199 гектар жерге лицензия берип жибергени айтылат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Алтын кен иштетүүдө мамлекетке 113,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген факты аныкталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2014-жылдын 22-январында Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жалал-Абад облусунун аймагында алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине 700,03 гектар жер тилкесине лицензия берген.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Бирок 2016-жылдын март айында мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, лицензияда көрсөтүлгөндөн сырткары дагы 199 гектар жерди берип жиберишкен.

Мунун натыйжасында мамлекетке 113,7 миллион сом зыян келтирилгени белгиленет.

Аталган факты үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз жиберилип, учурда кароо алдында турганы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0