Бир күндө COVID төрт кыргызстандыктын өмүрүн алды. 126сы өтө оор абалда жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ГКБ № 15 имени О. М. Филатова
Госпиталь COVID-19 в ГКБ № 15 имени О. М. Филатова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Талас облусунда катталды. Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканада жатат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган төрт адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Таластын ооруканаларында дарыланып жаткан. Ушуну менен COVID-19 пендемия башталгандан бери 1 203 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен:

  • 64 адам (1,9%) — канааттандырарлык абалда;
  • 2 134 (65,0%) — орточо оор абалда;
  • 955 (29,1%) — оор абалда;
  • 126 (3,8%) — өтө оор абалда.

Ошол эле учурда 4 043 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0