Коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. 129 бейтаптын абалы оор

© AFP / GENYA SAVILOVСитуация в Украине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Украине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 905 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат. Ал эми 3 315 киши ооруканада дарыланууда.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кечээ Баткенде коронавирустан бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Штаб өлкө боюнча ооруканада жаткандардын жана алардын абалы тууралуу да маалымат берди.

Ага ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 315 бейтап ооруканада дарыланууда.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 58и — канааттандырарлык абалда;
  • 2 124ү — орточо оор абалда;
  • 1004ү — оор абалда;
  • 129у — өтө оор абалда.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 905 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0