УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРИИМдин кызматкери пара алып кармалды
ИИМдин кызматкери пара алып кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын З.Ж.А. аттуу кызматкери 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Пара алуу фактысы менен Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПара алуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Пара алуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин кызматкери кармалды

Билдирмеге ылайык, УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын З.Ж.А. аттуу ыкчам кызматкери 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Окуя 12-ноябрда болгон.

"Кармалган адам арыз ээсинен сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Спецназ жабыла кирип басып калды. Сүйүн Өмүрзаковдун инисин кармаган видео

ИИМдин кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды. Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0