Кочкордо эки автокөлүк сүзүшүп, алты адам жабыркады

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыктан кийинки автоунаа. Архив
Жол кырсыктан кийинки автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-ноябрдын түнүндө Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунда Honda HR-V жана Golf III автоунаалары кагышкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кочкор районунда эки автоунаа кагышып, алты адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

12-ноябрь күнү саат 23:22 чамасында Бишкек — Нарын —Торугарт унаа жолунун 210-чакырымында Honda HR-V жана Golf III автоунаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы үч жигит жана 37, 38 жаштагы үч киши жабыркаган.

Кара-Кечеде көмүр ташыган автоунаа оодарылып, бир киши каза болду. Видео

ӨКМдин куткаруучулары жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бергени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0