82 млн. сомдук көмүр... Ошто Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор иниси кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПрезидент федерации ММА и панкратиона КР Улукбек Омурзаков
Президент федерации ММА и панкратиона КР Улукбек Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштерин улантууда.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор болуп иштеген бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков көмүр кенин басып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Аны менен кошо кылмышка тиешеси бар делген төрт жакын адамы дагы колго түшүрүлгөн. 

© Фото / пресс-служба ГКНБКөмүр кенин басып алууга шектелип кармалгандар
82 млн. сомдук көмүр... Ошто Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор иниси кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Көмүр кенин басып алууга шектелип кармалгандар
"Иликтөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, быйыл январь айында "Мухамед Умар" (Өмүрзаковдорго таандык) спорт клубунун балдары коштогон топ "Жолчырак" көмүр кенине басып кирип, жумушчуларды карьердин сыртына чыгарып салган. Атайын техникаларды мыйзамсыз түрдө тартып алып, 82 миллион сомдук көмүр казып ташып кеткен. Ал үчүн салыктык жана социалдык төлөмдөрдү төккөн эмес. Алар жергиликтүү бийликтин кен казууну токтотуу боюнча бир нече талаптарын, эскертүүлөрүн четке каккан. Бул кылмыш ишине шектелип Ош облусундагы прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору О.У. жана анын рейдерлик басып алууга тиешеси бар төрт жакын адам кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштерин улантууда.

Эс алуу бөлмөсүндө акча санап отурган. Аламүдүндүн прокурорун кармаган видео

Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ошко барып эл менен кезиккенде Канназар Ыдырысов аттуу 51 жаштагы тургун ИИМ жетекчисинин орун басарынын бир тууганы кысымга алганын айткан. Ошол эле күнү маселенин чоо-жайын аныктоо үчүн ал УКМКнын башкы башкармалыгына чакыртылган. Эртеси Ыдырысов УКМКга арыз жазып, бир жыл мурдараак өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон "Жолчырак" ЖЧК көмүр кенин Улукбек Өмүрзаков басып алганын билдирген. Ошондой эле "үлүш" катары андан акча талап кылганына арызданган.

Жаңылыктар түрмөгү
0