УКМК: Аламүдүн районунун прокурору менен орун басары пара алды деп кармалды. Сүрөт

© AFP / INGO WAGNER / DPA Киши кишенчен. Архив
Киши кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аламүдүн райондук прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен ич ара сүйлөшүп алып, кылмыш иштери жүрүп жаткан адамдардан тигил же бул процессуалдык чечими үчүн акча алып турушкан.

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГКНБЧүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты
© Фото / пресс-служба ГКНБУКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн
© Фото / пресс-служба ГКНББуга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин (Пара алуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган
1/3
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокурору менен анын орун басары пара алган деген айып менен кармалышты
2/3
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн
3/3
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Аламүдүн райондук прокуратурасына пара алуу фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин ("Пара алуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү учурунда Аламүдүн райондук прокуратурасынын жетекчилиги тергөө бөлүмдөрү менен ич ара сүйлөшүп алып, кылмыш иштери жүрүп жаткан адамдардан тигил же бул процессуалдык чечими үчүн акча алып турушканы аныкталган", — деп айтылат билдирмеде.

Сузакта милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жатканда кармалды

Жакында эле Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык иликтөөлөр бөлүмү менен биргеликте ыкчам тергөө иштери жүргөн. Анда Аламүдүн районунун С.Э.А. аттуу прокурору жана анын М.А.С. аттуу орун басары кармалган.

Маалымат кызматынан колго түшүрүлгөндөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0