ЖАМК соцтармакта тараган Камчы Көлбаевдин видеосу боюнча үн катты

© Фото / пресс-служба ГКНБКримтөбөл Камчы Көлбаев. Архив
Кримтөбөл Камчы Көлбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда абакта жаткан 24 жаштагы жигиттен телефон табылып, видео анын аппаратына тартылганы аныкталган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаев катышкан видеону тартып алган адам айып изоляторуна киргизилгенин кабарлады.

Буга чейин интернетте футбол аянтчасында жайылган дасторкондун четинде отурган Камчы Көлбаевдин видеосу тараган. ЖМКлар абактагылар кримтөбөлдү дасторкон даярдап тосуп алды деп жазып чыгышкан.

"Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө видео 5-ноябрь күнү тартылганы маалым болду. Бул күнү мекеменин администрациясы план боюнча Тарых жана ата-бабаларды эскерүү майрамына карата спорттук иш-чара, анын ичинде чакан футбол турнирин уюштурган. Түшкү тамак учурунда дасторкон жайылып куран окутулган", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда абакта жаткан 24 жаштагы жигиттен телефон табылып, видео анын аппаратына тартылганы аныкталган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 164 жана 202-беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

"Видеого тартканы үчүн ал Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айып изоляторуна бир айга киргизилген", — деп жазылат билдирмеде.

ЖАМК Атамбаевдин абактан тартылган сүрөтү боюнча үн катты

Мындан сырткары, чөнтөк телефонду колдонууга уруксат берген мекеме кызматкерлерин аныктоо боюнча да текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0