Кара-Кечеде көмүр ташыган автоунаа оодарылып, бир киши каза болду. Видео

© Фото / Pixabay / macdeedleЖүк ташуу унаа жол кырсыктан кийин. Архив
Жүк ташуу унаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу автоунаа көмүр жүктөп алып Бишкек шаарын көздөй келе жатканы айтылды. Кырсык бүгүн күндүз болгон.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенинен жүк алып келе жаткан автоунаа жолдон чыгып оодарылып кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Кырсыктан кийин тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

"Кырсык бүгүн күндүз болгон. Кара-Кечеден көмүр салып алып, жер көчкүдөн кийин убактылуу ачылган жол менен келе жаткан автоунаа ылдый түшө бериште күү менен барып, алдыдагы башка жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Ошол маалда арттагы автоунаа оодарылып кеткен", — деп айтылат ЖКККББнын билдирүүсүндө.

Кара-Кече кени кадимки калыбында иштеп, көмүр ташып чыгуу токтогон жок

Кырсыктын кесепетинен айдоочу Жумгал райондук ооруканасына жеткирилип, жанындагы адам кырсык болгон жерде көз жумган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0