COVID-19: өлкөдө абалы оорлошкондор күн сайын көбөйүп жатат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВременный госпиталь COVID-19 в автоцентре "Москва"
Временный госпиталь COVID-19 в автоцентре Москва  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Амбулатордук шартта дарыланган бейтаптардын саны да өсө түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 892 бейтап үйлөрүнөн дарыланышууда.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын ичинен 3 444 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:

  • 56 — канааттандырарлык абалда;
  • 2 259 — орточо оор абалда;
  • 988 — оор абалда;
  • 141 — өтө оор абалда.

9-ноябрдагы статистикага салыштырмалуу бүгүн абалы өтө оор делгендердин саны 10 адамга көбөйгөн. Амбулатордук шартта дарыланган бейтаптардын саны да өсө түшкөн.

Кечээтен бери эле 570 кишиден COVID табылды

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 892 бейтап үйлөрүнөн дарыланышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0