Күү менен капталдап келип, тосмону сүздү. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerАвтоунаа жол кырсыктан кийин. Архив
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 9-ноябрда, Элебесов — Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, анда жеңил автоунаа кафе менен бактын ортосуна кирип кеткен.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулунун айтымында, кырсык бүгүн, 9-ноябрда, Элебесов — Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаа Элебесов көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жатып Щербаков көчөсүнө келгенде автоунааны башкара албай, жол жээгиндеги түркүк менен кафенин тосмосун сүзүп алган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес", — деди Айтикул уулу.

Беш киши каза болду. Баткендеги жол кырсыктын видеосу

Кырсык болгон жерге Тез жардам автоунаасы барып, кайра кеткен. Жеринде Кайгуул кызматы иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0