Күлгө айланган товарлар. "Орто-Сай" базарында чыккан өрттөн кийинки көрүнүш

© Фото / пресс-служба МЧС КР"Орто-Сай" базарында түндө болгон өрт
Орто-Сай базарында түндө болгон өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова "Орто-Сай" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшүн Facebook баракчасына жарыялады.

Сүрөттөрдөн эч нерсеси калбай калган павильондорду көрүүгө болот.

Эске салсак, ири базардагы өрт 9-ноябрга караган түнү саат 00:18дер чамасында башталган. Ал түнкү саат 02:16ларда чектөөгө алынып, толугу менен эртең мененки саат 8:55те өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен 1800 чарчы метр жер күйгөн.

Кыпкызыл чокко айланган базар. "Орто-Сайды" каптаган өрттүн асмандан көрүнүшү

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0