Ошто аскер бөлүктөн качам деген жоокер төртүнчү кабаттан кулап кеткен

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бир ай мурда 2024 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда болгон. Аталган фактыны Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирип жатат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ошто аскер бөлүктөн качам деген жоокер төртүнчү кабаттагы ажаткананын терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Окуя октябрь айында 2024 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда болгон.

"19 жаштагы катардагы жоокер Т.А. имараттан чыгуу үчүн төртүнчү кабаттын терезесинен бакка секирүүгө аракет кылган. Бирок дарак көтөрө албай жерге кулап түшкөн. Аскер кызматкери медициналык мекемеге жеткирилип, жардам алган", — деп айтылат маалыматта.

Ошто аскер өзүн атып алганы айтылды. Кызматтык иликтөө жүрүүдө

Учурда жоокердин абалы туруктуу. Үйүндө ата-энесинин көзөмөлүндө амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

Окуя тууралуу тиешелүү структуралар кабардар болушкан. Аталган фактыны Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0