Жалал-Абаддагы паркта 11 жаштагы бала аттракционго урунуп каза болду

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПакртагы аттракцион. Архив
Пакртагы аттракцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча Жазык кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы "Токтогул" эс алуу багында орнотулган аттракциондордун биринде 11 жаштагы бала каза болду. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы тастыктады.

Окуя кечээ, 6-ноябрда, болгон.

"Токтогул паркында өспүрүм бала чуркап бара жатып "Молот Тора" аталышындагы иштеп жаткан аттракционго урунуп алган. Себеби аттракциондун айланасы тосулуу эмес ачык болгон", — деп айтылат маалыматта.

Суусамырдагы кырсык: набыт болгон жубайлардын үч баласы ооруканада жатат

Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0